www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр өз тандоосун жасады

Бүгүн, 10-январда вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева кезексиз президенттик шайлоого жана референдумга добуш берди.

Вице-премьер-министр өз тандоосун №1209 участкасында жасады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Ушул тапта Кыргызстана 2428, чет өлкөлөрдө 48 добуш берүү участогу иштеп жатат. Жалпы 3,5 млн ашуун шайлоочу катталган.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:

-президенттик;

-парламенттик;

-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости