www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-январда парламенттин тийиштүү комитетинде вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Анын талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков сунуштады. Жыйында Муканбетовдун талапкерлигин биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырат.

Буга чейин вице-премьер-министр кызматын Толкунбек Абдыгулов жетектеп келген. Ал Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган соң вице-премьер-министрлик орун бош калган болчу.

Санжар Муканбетов учурда Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын жетекчиси болуп эмгектенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости