www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ян Хуэйянь — Кытайдагы эң бай айым. Анын жыл башынан берки кирешеси 23,6 млрд доллардан 25,6 млрд долларга чейин көбөйдү, деп маалымдайт Bloomberg.
Агенттиктин маалыматы боюнча, Country Garden Holdings компаниясынын каражаты 4 күндө 2,1 млрд долларга көбөйгөн.

Миллиардерлердин Bloomberg Billionaires Index рейтинги боюнча 37 жаштагы Ян Хуэйянь 31-орунга жазылган. Ошондой эле, анын компаниясы Forbes 2017-жылы жарыялаган рейтинг боюнча тез өсүп жаткан компаниялардын катарына кирген.

Bloomberg маалымдагандай, эң жаш миллиардер деп эсептелген Хуэйянь Кытайдагы эң бай адамдардын тизмесинде Ван Цзяньлинден кийинки 5-орунду сактап калган. Ал эми, Forbes серепчилердин пикирине таянуу менен Хуэйяндин учурдагы кирешесин 28,6 млрд доллар, ал эми Цзяньлиндин кирешеси 25,4 млрд доллар деп эсептеген.

Country Garden — элиталык турак жайларды куруу менен алектенет. Компания 1997-жылы ишкер айымдын атасы Ян Гоцян тарабынан негизделген. Ал 2007-жылы кызына компаниянын 70% акциясын өткөрүп берген. Ян Гоцян учурда Country Garden компаниясынын төрагасы жана башкы аткаруучу директору.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости