www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облустук милиция башкармалыгынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, облустук ички иштер башкармалыгынын жооптуу адамдары Кылмыш кодексинин 171 (ишенип берилген мүлктү өзүнө чегерип алуу жана жок кылуу), 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 221 (коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу), 350 (мамлекеттик сыйлык, штамп, мөөр, баракчаларды, документтерди жасоо, даярдоо жана колдонуу) беренелери менен айыпталып жатышат.

Алар 2017-жылдын март-декабрь айларында "коммерциялык банктын өкүлдөрү менен жең ичинен келишип алып, иштен кеткен кызматкерлердин Visa төлөм картасын Элкартка алмаштырган, андан кийин ага жасалма документ менен маяна катары которулган акчаны алып турган" деп шектелүүдө деп жазат Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости