www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга жасаган иш сапары байланышты жогорку деңгээлде бышыктоого багытталды. Подсоветтик алкактагы өлкөлөрдүн тышкы саясаты мурунку калыбында эле уланып жатат. Бул мамилелерде ар бир өлкөнүн башчыларынын жеке байланыштары өтө чоң мааниге ээ. Бул тууралуу постсоветтик алкактагы Орусиянын илимдер академиясынын изилдөө борборунун илимий улук кызматкери Станислав Притчин REGNUM маалымат агенттигине билдирди.

- Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси кандай жолго салынды?

- Постсоветтик мамлекеттердеги тышкы саясат ар бири өз алдынча өнүгүп жатат. Путин менен Жапаровдун өз ара мамилелери акырындык менен жакшырып келе жатат. Бул жагдай биргелешкен экономикалык долбоорлорду жана Кыргызстанда иштеген россиялык компаниялардын коопсуздук кепилдиги болот.

- Кыргызстандын президенти Сочиге эмне үчүн келди?

- Садыр Жапаров орусияга дипломатиялык элчиликти калыбына келтирүү үчүн барды. Ал эми Москва үчүн жакында эле кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин калыбына келиши маанилүү. Тажикстандын президенти Эмомалинин жолугушуусу көп деген түкшүмөлдөрдү жаратты. Чынында бул таптакыр андай эмес. Орусия бул багытта өзүн обочо кармайт жана эч кайсы тарабына жан тартпайт.

Ошондуктан, Сочидеги сүйлөшүүдө Орусиянын президенти Владимир Путин чегара чыры тууралуу кеп козгоп, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маселе дипломатиялык жол менен чечилүүсү керектигин белгилеп өттү.

Экинчи маселе – бул коронавирус пандемиясы. Кыргызстанда абал татаал бойдон калууда. Тилекке каршы өлкөдө ооругандардын көрсөткүчү жогору бойдон.

Ошону менен бирге эле биз Кытайдын жандана баштаганын көрүп жатабыз. Эгерде кыргыз ТИМ маалыматына таянсак, анда Пекин Кыргызстанга экономикалык каатчылыкты жеңүүгө жана калкты эмдөө жардам бергенге даяр.

Орусия да бул учурда четте карап турбайт. Бул жерде эмдөө маанилүү курал болуп жатат, анын үстүнө орустар вакцинасын тышкы рынокко алып чыгуу керек болуп жатат, анан да биздин өнөктөштөргө жардам да беришибиз керек.

- Кыргызстандын аймагында «Спутника V» вакцинасын жайылтуу боюнча орусиялык президенттин ою ишке ашабы?

- Бул идея Кыргызстандагы калкты эмдөө маселесин ыкчам чечүүнү жеңилдетип, кырдаалды бир кыйла жеңилдетет. Анткени, логистика, вакцинаны жеткирүү маселеси жөнөкөй эмес. Эгерде вакцина Кыргызстандан чыгарылып калса, андан да жакшы. Элдин суроо талабы бир кыйла жеңилдемек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости