www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районуна жаңы дайындалган акими Ногоев Турусбек өзү тууралуу айтылып жаткан маалыматтарга комментарий берди.
Ногоев Турусбек Молдобекович эч кандай уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес экенин жана ал тууралуу тарап жаткан маалыматтар жалган экенин айтты.
"Мен мамлекеттик кызматтарда болгон аракетимди жумшап, элиме ак кызмат кылып келе жатам. Мен жөнүндө ар кандай маалыматтар тарап жатат. Ал сөздөрдүн баары жалган. Мен уюшкан кылмыштуу топторго мүчө эмесмин. Мен өмүрүмдө кылмыш жасаган киши да эмесмин", - деди Турусбек Ногоев
Турусбек Ногоев Алмаз Бокушев менен болгон мамилеси боюнча да токтолду.
"Мен 1994-жылы мектепте мугалим болуп иштегенмин. Ал кезде Алмаз Бокушев мектепте машыктыруучу эле. Кыргызда өкүл ата шайламай салт бар. Ошол жылдары үйлөнгөнүмдө ата-энемдин каалоосу менен мектептеги машыктыруучуну өкүл ата кылгам. Дагы кайталап коеюн мектепте машыктыруучу болуп эмгектенген Алмаз Бокушев өкүл ата болгон. Андан кийин экөөбүз өз жолубузга түшкөнбүз. Бири-бирибиз менен жумушка байланыштуу катышыбыз жок. Мурда жамандык-жакшылыктарда гана көрүшүп калчубуз", - дейт Турусбек Ногоев
Мындан сырткары, Ногоев Турусбек алдыдагы пландары менен бөлүштү.
"Кара-Суу өлкөдөгү эң чоң район. Буйруса чоң пландарым бар. Райондун социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө, сырттан инвесторлорду тартууга, чын дилимден ак кызмат өтөп берүүгө бүт аракетимди жумшайм. Ал үчүн менин тажрыйбам да, билимин да жетиштүү. Буга чейин акимдин орун басары, аким болуп иштеп келдим. 2014-жылдан бери Чүй облусунун Жайыл районунун өсүп өнүгүүсүнө болгон аракетимди көрүп, бир катар долбоорлорду аткардык", - деген Ногоев.
Булак: NazarNews.kg