www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы кризис аймактардан эмес, Донбасстагы орус тилдүү калктын геноцидинен улам келип чыкты. Бул тууралуу РФтин Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин билдирди. «Украинадагы кризис аймактардан эмес, орус тилдүү калктын геноцидинен улам келип чыкты. Биз Донбасстагы жарандарыбызды, мекендештерибизди коргоо үчүн турдук. Биз үчүн бул коопсуздук, бейпил жашоо маселеси жана жакшы мамилелерди түзүү», - деди Володин.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ президенти Джо Байден пресс-конференция учурунда Киев ок атышпоого жетишүү үчүн аймактардын бир бөлүгүнөн баш тартууга аргасызбы деген суроого жооп берип жатып, бул маселе толугу менен Украинадан көз каранды экенин айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости