www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө күйөөсү мурунку аялын 6 саат бою жер төлөгө камап койгон. Иш сотко өтүп, бирок ал жазадан кутулуп кеткен.
Соттолуучу Валентин (аты өзгөртүлгөн А.В.А.) 1959-жылдын 10-октябрында туулган, билими орто, ажырашкан, пенсионер, мурда соттолбогон, Түп районунун Михайловка айылынын тургуну. Ага КР Кылмыш-жаза 169-беренесинин 1-бөлүгү (мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) боюнча айып тагылган.
2020-жылы 26-июнда саат 16:00дөр чамасында Валентин мурунку жубайы Анастасияга (аты өзгөртүлгөн Г.А.) күч колдонуп, сарайга сүйрөп кирип, шаты менен жер төлөгө түшүүгө мажбурлаган. Анастасиянын качып кетишине жол бербөө үчүн шатыны алып салып, жер төлөнү жаап салган. Ошол эле учурда денесине залал келтирем деп коркутуп, Анастасияга аталган жайдан чыгууга тыюу салып, Түп РИИБинин кызматкерлери келгенге, тактап айтканда, саат 22:00гө чейин кармап турган. Мындан улам жабырлануучу Анастасиянын жеке эркиндигин 6 сааттан ашык чектеген. Тергөө Валентин муну менен атайылап адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыш жасаган деп эсептейт.
2023-жылдын 6-мартында Түп райондук соту Валентинди күнөөлүү деп таап, 2 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда сот ага карата 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуп, эркинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошоткон. Соттун өкүмү менен макул болбогон Анастасия апелляциялык арыз менен кайрылып, анда ал тергөө учурунда күбө жана жабырлануучу катары суракка алынганын билдирген. Бардык көрсөтмөлөрүндө ал кылмышты Валентин кызы А.М.В. жана анын жубайы Л.А.С менен биргелешип жасаганын айткан. Бирок, Анастасиянын айтымында, тергөө учурунда тергөөчү Э.Ж. анын көрсөтмөлөрүн эске албай, 2022-жылдын 15-декабрында өзүнүн чечими менен Валентинге жана иш боюнча башка айыпталуучуларга карата кылмыш ишин мыйзамсыз токтоткон. Анын үстүнө тергөөчү аны тергөө учурунда бул токтом менен тааныштырган эмес, ошондуктан ал токтомго өз убагында даттанган эмес. Бул жагдайлар тергөө учурунда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 19-беренесинин талаптары, тагыраагы, иштин жагдайларын иликтөөнүн комплекстүүлүгү, толуктугу жана объективдүүлүгү принциби бузулганынан кабар берет.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, кыска мөөнөттүү ден соолуктун бузулушу менен жеңил зыян аныкталган. Анастасия денесинен жаракат алган фактынын негизинде иш материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, А.В.А., А.М.В., Л.А.С. жосунсуз жоруктар үчүн айыпталган. Бул дагы бир жолу А.М.В. жана Л.А.С.тын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси боюнча кылмыш жасаганынан кабар берет. Анастасия Түп райондук сотунун 2023-жылдын 6-мартындагы өкүмүн жокко чыгарып, тергөө амалдарын жүргүзүү жана жаңы айыптоо боюнча жаңы айыптоо корутундусун түзүү үчүн Ысык-Көл облусунун прокуроруна кайтарып берүүнү суранды.
Иш материалдарында соттук-медициналык экспертизанын 2020-жылдын 27-июнундагы корутундусуна ылайык денесинен алган жаракаттары боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 1961-жылдын 20-январында туулган жаран А.Г.П.нын баш мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы, оң ийиндин жана жамбаш терисинин жумшак жерлери көгөргөнү жазылат.
Көкүрөктө, бел-бүйрөк жана ылдыйкы буттардагы көгөргөн жерлери катуу нерсе менен ургандан келип чыгышы мүмкүн, бирок жаракат 21 күндөн аз убакытта айыккандыктан ден соолуктун бузулушу менен "жеңил зыян" келтирилди деп бааланган.
Иштин материалдарын карап чыгып, Ысык-Көл облустук сотунун 2023-жылдын 14-июлундагы соттук коллегиясы Валентинге карата Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун 2023-жылдын 6-мартындагы өкүмүн өзгөрткөн.
Валентин Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулган.
Булак: NazarNews.kg