www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы ыктыярчы Адинай Мырзабекованын аты коюла турган сейил бактын сүрөттөрүн жарыялады.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк тарабында ачыла турган жаңы паркка коронавирус менен күрөшүүдө каза болгон ыктыярчы Адинай Мырзабекованын атын ыйгарууну сунуштаган.

Аталган  сейил бакка  100дөн ашык отургуч жана таштанды челектер орнотулду.

"Кичине балдар менен сейилдеген ата-энелерден коляска менен спорттук аянтчаларга кирбей эле коюусун өтүнөбүз. Ал үчүн асфальт жана брусчатка төшөлгөн чоң аймак бар. Ал аркылуу коңшу "Ынтымак-1" сейил багына өтүп кетүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.

Велодорожка в новом парке в южной части Бишкека

Сейил бак  8 гектардан ашык аянтты ээлейт. Анда спорт аянтчалары, велосипед жолдору, 300 орундуу амфитеатр жана медпункт жайгашкан. Бүгүнкү күндө бардык жумуштар аяктап, парк жакын арада пайдаланууга берилет.Велодорожка в новом парке в южной части БишкекаСкамейки в новом парке в южной части БишкекаВелодорожка в новом парке в южной части БишкекаБулак: NazarNews.kg

Последние новости