www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Кубатбек Боронов пандемия шартында жылытуу мезгилине даярдык адаттагыдан эрте бүтүшү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы бул маселе боюнча кеңешме өткөргөн.

"Суунун деңгээлинин болжолдуу төмөн болушу жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен камылга иштерин кылдат жүргүзүү шарт. Аба ырайынын суук болушун күтүп, иштерди создуктурбаш керек. Бир айдан кийин бардыгы даяр болсун. Ал эми калкты камсыздоо боюнча айтсак, август айынын соңуна дейре көмүрдү сатып алууга бардык тендерлер өткөрүлүшү керек", — деген премьер-министр.

Ошондой эле, Финансы министрлиги жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштерине каралган 2,9 миллиард сомдун жарымын бөлгөнү кошумчаланды.

Мындан тышкары, премьер-министр компаниялар жана ири ишканаларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып, аны кошумча булактан алууну карап чыгышын айткан.

Боронов ар мамлекеттик орган жылытуу мезгилинин даярдыгына жооптуу экендигин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости