www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам ар дайым күчтүү анан да кайраттуу болуп, жашоодо, алдыда сөзсүз кубанычтуу, бактылуу күндүн бар экенине ишенүү менен жашап, күнүмдүк өткөн турмуш үмүткө шам жаккандай сезиле баштайт. Өзүнүн башынан адам баласына жарашпаган жаман, ыплас ойлору бар жигитке жолугуп, жан-дүйңөсү бошоңдоп, көз жашына чөгүп кетчүдөй абалды кечирген окурманыбыз окуясын биздин редакция менен бөлүштү.  

-Жакшы ырдайт экенсиң. Тембриң өзгөчө экен. Сени биз менен кызматташууга чакырам.
-Рахмат байке. Эмне жумуш?
-Тойлорго чыгабыз. Бизге сендей татынакай, мукам үндүү, шайыр кыздар керек. Бирок, ишиң жоопкерчиликти талап кылат. 
Баары менин ишенчектигимден болду. Жоопкерчилик дегенди укканда демек бул адамдар дагы жоопкерчиликтүү деп ойлондум. Бир аз шашып койгонум үчүн бүтүндөй жашоом талкаланып, жаш жанымда жашоомдун маңызын жоготуп алдым. Ооба, жоготтум...  Келечекке койгон эң сонун пландарымды, балалыктан калган шайыр мүнөзүмдү, ойлоно берип ден-соолугумду, көп убакыт эмгек кылып топтогон аброюмду, окуумду, мына жакында алам деп турган дипломумду, карьерамды, үй-бүлөм менен болгон жакындыгымды, досторумду, санаалаш жакындарымды, өзүмө болгон ишенимимди, бүт баарын жоготтум. 

2019-жыл. 22-Сентябрь.

Келишилген жерде жолуктук. Ошол эле күнү кечкисин боло турчу тойго даярдыктар көрүлө баштады. Кимден кийин ким чыгып ырдайт, канчанчы антракта кайсы ырды ырдайт, мунун баарын дептерчеге тизмектеп мага кызматташууну сунуштаган тамада жүрөт. Өз ишине аябай так, чыныгы эркек көрүнгөнү менен иш жүзүндө таптакыр андай эмес эле. 
Той башталаар убакыт болгондо  жумушчу топ ресторанга бардык. Ар ким өз иши менен алек. Той башталып, кезек-кезеги менен чыгып ырлар, оюн-зооктор уюштурулуп жатты. Мына... Эми менин кезегим. Атайын тойго арналган ырды ырдадым. Бир аз кызып калган эл эч бир кайгысы жоктой бийлеп жүрүшөт. Жаштарга каалоолор айтылат. Белек-бекчкектер берилет. Буга чейин студияларга барып жаздырган ырларым салмактуу болгондуктан бул кечте жандуу ырдадым. Негизи көп эле жерде фонограмма ырдалат эмеспи. 
Мына ушундай көрүнүштөр менен той соңуна келип жетти. Эл тарады. Ресторан ээнсиреп эле калды. Биздин топко той ээлери кылган кызматыбыз үчүн акысын төлөдү. Андан чыгып шаардагы белгилүү кафелердин бирине барып тамактандык. Баары мени үнүмдүн сонун экенин, өзгөчө талантым бар экенин, буга чейин кайда жүргөнүмдү айтып алкап жатышты. 

Окуума байлануштуу кыздар менен жатаканада жашачумун. Бирок, өзүңүздөр билгендей жатакана кечкисин саат 22:00дө жабылат. А той болсо аябай эле кеч бүтөт. 

Тамактанып бүткөн соң үйгө жөнөдүк. Мен бийчи кыздардын батирине барып түнөмөй болгом. Таңдан-кечке тынбагангабы же ызы-чууда көп жүргөнгөбү айтор чарчап калыпмын. Жолдо баратып катуу уктап кетиптирмин. Бирөө кучактагандай болгонунан чочуп ойгондум. Айбан... Жер-Эне сендей адамдарды кантип көтөрүп жүрөт болду экен. Ошол түнү күч колдондуң. Аял киши канчалык эрктүү, күчтүү болбосун сен сыяктуу зөөкүрлөргө алыбыз жетпейт экен. Жалынып-жалбарып ыйладым. Кулуң болоюн мага тийбе дедим. Оюң бузулган экен, аны орундаттың. Чырылдаганыма карабай жаман оюңду ишке ашырдың. Көпөлөктөй эле алсыз болуп калдым. Бул учурда көзүмө өлүмдөн башка эч нерсе көрүнбөй калды. Кулагыма ата-энемдин мага ишенип айткан сөздөрү, элдин мени сөөмөйү менен кезей мыскылдап сүйлөп турганы жаңыра берди. Үмүт арткан бир-туугандарымдын алдында эми ким болдум... Таң атканча ээн талаадан бир карыш жыла албай ордумда катып отура бердим. Бир нече саат мурун эл алдында  көңүлдүү ырдап турган мен эми минтип көз жашыма чөгүп кетчүдөй абалда элем. 

Таң атаары менен жатаканага бардым. Жуунучу бөлмөдө кезек күткөн кыздардын "чыкпайсыңбы, кечигип атабыз " дегенине да маани бербей муздак сууну агызып алып ыйлап тура бердим. 

Ошол күнү 23-Сентябрь Кыргыз Тили күнүнө иш-чара уюштурулган. Ал жерде мен да ырдашым керек эле. Ал тургай манасчылар менен бирге манас айтмакмын. 
Канча турганымды билбейм. Эсиме келип өз бөлмөмө барып эле сулап жатып калдым. Муздак сууда көп тургангабы, же жан дүйнөмдүн муздаганынанбы ооруп калдым. Катуу оорудум. Чогуу жашаган кыздар апам сыяктуу эле таң атканча көз ирмебей карап чыгышат. Күндүзү окуусуна барып бат-бат чалып, оң келсе чуркап келип менден кабар алып кайра кетишет. Жашоодон биротоло үмүтүмдү үзүп салдым. Ооруганымды шылтоолоп сабакка 2 ай барбай койдум. Үйгө ушул 2 ай аралыгында 3 эле жолу бардым. Анда да шылтоо айтып кайра эле кайтканга шашам. Апам байкуш үйрүлүп үстүмдөн түшөт. Эне  жүрөгү сезет деген чын экен да. Айтчы ачыгын, бирөөгө алданып калдыңбы? Бир нерседен корктуңбу? Же бирөө басым жасап атабы? Бир нерсе керекпи? Өңүң кантет ботом, чийдей болуп арыктаганыңды...-деп түрдүү суроолорун жаадырып, кайра эле ага өзү жооп издеп жанымда чыйпылдайт. Шайыр мүнөз тентек кыялым жоголуп, тез  эле мындай ойлуу болуп калдым. Бир жерди тиктеген бойдон катып калам.

Бир күнү группалаш кыздар чалышты. Окуудан айдайбыз деп атышат. Келип, кечирим сурап окууңду бүтүрүп ал дешип. Мага баары бир деп өчүрүп салдым. Ошентип, 3 жыл окуган окуумдан да айдалдым. Ошентсе да кылым кыйшайган жок. Бар оюм же сени өлтүрөм, же өзүм өлөм...

Билинбей ызгаарлуу кыш кирип келди. Жатаканадан чыгып кеткем. Айылда үйдө апамдын жанындамын. Үй ичи толтура жакын адамдар болсо дагы жан-дүйнөм ээнсиреп, жалгыздыкты каалап турду. Эч ким, эч нерсе, эч кандай сөз жакпай калды. Мурда өз буюмдарыма өзүм эч кимди жолотпой корунуп турсам, азыр баары тескери. Ар ким өз каалаганын алып кийип, өз каалаганын алып колдонуп кете берет. 

Ортодо карантин болуп калды. Менин жашоом ансыз деле карантин болуп атканына жарым жылдын жүзү болду. Айылда жашоо улана берет да. Менин мынчалык катуу өзгөргөнүмө түшүнө албаган апакем күйпөлөктөп жакын жердеги дарыгерлерди чакырат, кыргызчылык кылдырат, психологдорду издейт... Таң атканча, күн батканча деги эле уйку көзүн көрбөйм. Ордумдан турганга алым жок. Өксүп-өксүп ыйлагым келет. Ага дагы күчүм жетпейт. Жөн гана көзүмдөн сызгырылып тамчылап жаш агат. Аябай арыктап, адам тааныгыс болуп өзгөрүп кетиптирмин. Телефонум кайда калганын дагы билбейм. 
 
Катуу уктап кетиптирмин. Түшүмдө ошол 22-Сентябрь күнү болгон окуянын баарын көрдүм. Ошондогу той. Тойдон кийинки кордук. Баарын касетадан түрдүргөндөй эч өзгөртүүсүз көрдүм. Чочуп ойгонуп кеттим. Көл-шал болуп теодептирмин. Дагы ыйладым. Бирок бул жолкусунда катуу кыйкырып ыйладым. Демек, адам кааласа катуу ыйлаганга күчү калбай калган кезде дагы ыйлай алат экен да деген ой кылт этти. Эхх... Ушунун баары чын эле түшүм болгондо дедим. 

Менин мындай абалда төшөктө жатып калганыма 10 туптуура 10 ай болду. Мен ким элем? Ким болгум келген? Эми ким болдум? Ушул өңдүү суроолор келе берди. Таңкы саат 4 болуп калган. 10 ай мурда, дал ушул сааттарда, ээн талаада кордолуп ыйлап турган өзүмдү эстедим да, кудай жазаңды берсин деп алып, ордумдан туруп, жуунуп, чачымды тарап, жакшынакай кийимдеримди кийип, сумкамды даярдадым. Эстеп көрсөм ошол окуя болгондон бери чачымды дагы тарабай калган экенмин. Таң атаары менен апамдын каршылыгына карабай борборго жөнөп кеттим. 
Кайда? Кимге? Эмнеге? Бул суроонун баары айдоочу байке жеттик дегенде гана келди... 

Шаар айланып ары-бери жүрүп жумуш таптым. Фирмага жумушка кирдим. Ага жакын жерден батирге орноштум. Күндөн-күнгө элге аралашып, ар түрдүү тагдырларды угуп өзүмө келе баштадым. Жан-дүйнөм толук болбосо дагы кыйла тазалангансыды. 

Жакында кайра айылга келдим. Окуумду сүйлөшүп улантмай болдум. Албетте, мурдагыдай шайыр эмесмин. Бирок, жашоого кайттым. Сенин көзүңө көрүнүш үчүн, сени өкүндүрүш үчүн сен багынткан бийиктиктерди, керек болсо андан дагы бийикти багындырам. Бир гострольдо, бир кечеде, бир майрамда, бир концертте,  качандыр бир кездерде жолугушабыз. Ошондо көзүмө кантип карайт болду экенсиң...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости