www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Навальныйды ууланганы далилденди

Германия өкмөтү россиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууланганы Франция жана Швециядагы эки башка көз карандысыз лаборатория тарабынан тастыкталганын маалымдады. Бул тууралуу milliyet.com.tr сайты жазды.

Германия өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Зайберт жасаган жазылуу билдирүүдө Навальныйдан алынган анализдерге Франция жана Швециядагы көз карандысыз лабораторияларда токсикологиялык тест жүргүзүлүп, Навальныйдын ууланганы тастыкталганы айтылды.

Бул окуя Химиялык куралдар келишимине (CWC) ылайык олуттуу мыйзам бузууга кирерин баса белгилеген Шейберт, буга ылайык Германия өкмөтү Навальный тууралуу тергөө ишиндеги далил анализине Химиялык күчтөргө тыюу салуу уюмун (OPCW) дагы кошконун билдирди. Муну менен катар Россияга Навальный тууралуу окуяга түшүндүрмө берүүгө дагы бир ирет чакырып өттү.

Эске сала кетсек, Томск шаарынан Москвага баруу үчүн 20-августта учакка түшкөн Навальный учуу убагында өзүн жаман сезип, учак Омск шаарына конгон. Омсктагы ооруканага жеткирилген Навальныйдын чайына уу кошулду деген пикирлер айтылган эле.

44 жаштагы Навальный 22-августта Омсктан жеке учак менен дарылануу үчүн Берлиндеги Charite ооруканасына жеткирилген. Ал эми аталган оорукана Навальныйдын өзүнө келип, комадан ойгонгонун 7-сентябрда билдирди.

Штеффен Зайберт 2-сентябрь күнү Навальныйдын нерв оорулары менен күрөшүүдө колдонулган Новичок тобуна таандык химиялык элемент менен ууландырылганы тастыкталганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости