www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Навои облустук прокуратурасы Навои шаарындагы №4 абакта камакта отурган адамдын өлүмү боюнча маалымат берди.

Мекеменин маалыматына караганда, 7-октябрда болжол менен түнкү саат 1:35те абактын дисциплинардык бөлүмүндөгү бөлмөдө М. О. аттуу камактагы адам керебеттин темирине кийимдерин байлап, асынып алган.

Маркум 2018-жылы "Атайылап адам өлтүрүү" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жыл 1 айга эркинен ажыратылган. Ага чейин ал төрт жолу соттолгон.

Бул факты боюнча Навои шаардык прокуратурасы тергөө иштерин баштап, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости