www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрдан тарта Өзбекстандагы айрым газ толтуруучу компрессордук станцияларда газдын бир куб метринин баасы 3 100-3 250 сумга чейин жогорулады. Бул тууралуу социалдык түйүн колдонуучулары жазууда.
Маалыматты "Газета.uz" басылмасына Фергана өрөөнүндөгү газ толтуруу жайларынын биринин өкүлү ырастады.

Өзбекстанда 1-октябрдан тарта газдын тарифи бюджеттик мекемелер, бизнес жана юридикалык жактар үчүн 660 сумдан 1 500 сумга (2,3 эсе), компрессордук станциялар үчүн 1 000 сумдан 1 500 сумга (1,5 эсе) жогорулады. Мындан тышкары бул категориядагылар үчүн электр энергиясынын тарифи 450 сумдан 900 сумга чейин (2 эсе) көтөрүлдү.

Буга чейин газ толтуруу жайларында газдын бир куб метри орточо 2 700-2 800 сумдан сатылып келген.

Социалдык түйүн колдонуучулары тарифтердин жогорулаганына байланыштуу аймактарда таксиде жана автобуста жүрүүнүн акысы да кымбаттагынын билдирүүдө. "Газета.uz" басылмасы Үргөнч шаарындагы автобустардын тарифи дароо эки эсеге – 1 000 сумдан 2 000 сумга көтөрүлгөнүн жазды.

Өкмөт газ толтуруучу компрессордук станцияларда баалардын кескин жогорулап кетүүсүн алдын алуу үчүн баанын эң жогорку чегин белгиледи. Ал 3 250 сумду түзөт. Тиешелүү документте бааларды көрсөтүлгөн чектен жогорулаткан станцияларга газ жеткирүү токтотулары эскертилген.

Өлкөнүн энергетика министри Журабек Мирзамахмудов эң жогорку баалар 3 250 сум деп чектелген шартта да газ толтуруу жайлары өз инвестицияларын кайтарып ала аларын белгиледи.

Компрессордук станция иштеткен ишкерлердин бири тарифтер жогорулагандан кийин анын кирешеси бир куб метр үчүн 440 сумдан 110 сумга чейин азаярын билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу көпчүлүк газ толтуруу жайлары жабылып, бензинге болгон суроо-талап өсүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости