www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен согушту токтотуу боюнча АКШ сунуштаган жаңы тынчтык планын карап чыгууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Украина бул багытта “чынчыл жана конструктивдүү иштөөгө” даяр. Президент бул тууралуу өзүнүн X баракчасында жазган.

Кабарларга караганда, буга чейин АКШнын жана Орусиянын президенттеринин атайын өкүлдөрү — Стив Уиткофф менен Кирилл Дмитриев — Украинанын келечектеги коопсуздугун жана согушту токтотуу шарттарын камтыган жаңы план боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Маалыматтарга ылайык, план Украина үчүн олуттуу талаптарды камтышы мүмкүн. Буга Луганск жана Донецк облустарынын толугу менен Орусияга өткөрүлүп берилиши, ошондой эле Украинанын куралдуу күчтөрүн эки эсе кыскартуу өңдүү пункттар кирери айтылууда.

Зеленский тарап да билдирүү таратып, Украина “адилеттүү тынчтыкты камсыз кылган планды” талкуулоого даяр экенин баса белгиледи. Алардын пикиринде, эгер сунушталган талаптар кабыл алынса, айрым пункттар Орусиянын кызыкчылыктарына көбүрөөк шайкеш келиши мүмкүн.

Зеленский жакынкы күндөрү АКШнын президенти Дональд Трамп менен бул планды талкуулай турганын билдирди. Ал планда Украинанын бир катар курал түрлөрүн тапшыруу боюнча сунуштар да каралышы мүмкүн экенин белгиледи.

Маалымат боюнча, АКШнын атайын өкүлү Стив Виткофф жана мамлекеттик катчы Марко Рубио бул планды бир айга жакын убакыттан бери жашыруун форматта иштеп чыгышкан. Сүйлөшүүлөрдө эки тарап тең “бекем жана узак тынчтыкка жетүү үчүн эмне кылууга даяр экенин” аныктоого аракет кылганы айтылат.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн бири жөнөткөн маалыматта, план Украина тараптын өкүлү Рустем Умеров менен кеңешүүдөн кийин түзүлгөнү жана Умеров анын көпчүлүк пункттарын алдын ала колдогону белгиленип, бирок бул маалымат Украина тараптан расмий түрдө ырастала элек.

Зеленский Киевге келген АКШнын аскерий өкүлдөрү менен жолукту. Президент сүйлөшүүдөн кийин Америка тарабынан Европанын коопсуздугун калыбына келтирүүгө жасалып жаткан аракеттерди жогору бааларын билдирди.

Ал өз билдирүүсүндө Украинага “чын, туура тынчтык” керек экенин, ал эми мындай тынчтык өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана элинин кадыр-баркын сакташы зарыл экенин белгиледи.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кайя Каллас пландын айрым деталдары тууралуу кабары жок экенин айтып, мындай документте сөзсүз түрдө “украиналыктардын жана европалыктардын катышуусу” болушу керектигин билдирди.

Ошол эле учурда, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШдан Украина боюнча кандайдыр бир жаңы келишимдер жөнүндө расмий маалымат ала электигин билдирген.

АКШ сунуштаган тынчтык план дагы расмий түрдө жарыялана элек болсо да, айланасындагы маалыматтар көп талкуу жаратууда. Украина сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген менен, айрым пункттардын айланасында талаштуу суроолор көп бойдон калууда.

Маалымат толугу менен ачыкка чыкканга чейин, эл аралык коомчулук да, Украина өзү да пландын өлкөнүн кызыкчылыктарына кандай таасир этерин кунт коюп байкоодо.

Последние новости