www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Киевге жардам берүүдөн баш тартса, Украина үчүн оор болушу мүмкүн. Бул тууралуу Владимир Зеленский NBC телеканалына берген маегинде билдирди.

«Бул өтө оор сыноо болот <...>. АКШнын колдоосусуз биздин аман калуу мүмкүнчүлүгүбүз абдан төмөн», – деди ал.

Мунун алдында The Wall Street Journal басылмасы Трамптын Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча мамилеси Вашингтондун Киевди сүйлөшүүлөрдүн негизги катышуучуларынын катарынан чыгарып салганын көрсөтөрүн жазган.

12-февралда болгон телефондук сүйлөшүүдө Владимир Путин менен Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун келечегин талкуулашкан. Кремлдин маалыматына ылайык, Трамп согуштук аракеттерди токтотуу жана маселени дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын белгилеген. Өз кезегинде, Путин жаңжалдын негизги себептерин жоюу керектигин айтып, узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү маанилүү экенин белгилеген.

Последние новости