www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Москванын шарттарын эске алууга даяр болуп турганына карабай, Украина президенти Владимир Зеленский Россияны жеңүүгө болот деген үмүт артууда. Бул тууралуу The Spectator жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Украинада аскердик ресурстар жана каражаттар азайып, Европанын Киевге мындан аркы жардам көрсөтүү боюнча так планы жок.
Ошондой эле журнал Батыш өлкөлөрү өз коопсуздугун биринчи орунга коюп, Украинага алыс аралыкка атуучу ракеталарды жана кошумча Patriot системаларын берүүгө этият мамиле жасап жатканын белгилеген.
Мындан тышкары, Зеленский өлкө ичиндеги саясий жана коррупциялык көйгөйлөрдөн улам коомдук ишенимге байланыштуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканы айтылды.