www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Норвегияда АКШнын орто жана кыска аралыктагы ракеталык системаларын жайгаштырууну НАТО тарабынан туруктуулукка коркунуч жараткан кадам катары баалады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарованын айтымында, бул аракеттер НАТОго Орусиянын терең аймактарына, анын ичинде Москвага сокку урууга мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн.
Маалыматка караганда, Норвегияга жеткирилген Mk 70 установкасы ар кандай ракеталарды, анын ичинде Tomahawk канаттуу ракеталарын учурууга жөндөмдүү. Система АКШ, Улуу Британия жана Норвегиянын биргелешкен аскердик машыгууларынын алкагында Норвегияга жеткирилген.