www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде жабылып жаткан диний лагерлер боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия түшүндүрмө берди. Комиссиянын өкүлү Айбек Иминов түшүндүргөндөй, балдарга диний таалим-тарбия берүү диний ишмердүүлүк катары саналат, бул ишти алып баруу үчүн мыйзамда талаптар бар. Ошон үчүн “жарандар же юридикалык жактар диний ишмердик кылуу үчүн Дин комиссиясынын эсептик каттоосунан өтүүсү зарыл. Жабылып жаткан лагерлер мыйзам талабын аткарбаганы аныкталып, ишмердигине чектөө коюлууда. Мында мамлекет тарабынан диний таалим-тарбияга эч кандай тоскоол жок, болгону мыйзам талаасында иш алып баруу керек”, — деди Иминов.

Ал ошондой эле диний лагерлердин көбү Ислам дини багытында экенин, бул үчүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу кабыл алынганын белгиледи. Бул документтин негизинде Дин иштери боюнча комиссиянын эсептик каттоосунан өткөн диний уюмдар жана окуу жайлар лагерлерди уюштурууга укуктуу.

Ата-энелер балдарын диний лагерлерге берүүдө жогорудагы маалыматтарды тактап коюусу зарыл экенин белгиледи.

Последние новости