www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Банкирлер алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүнү талкуулашты

Улуттук банкта онлайн кредиттерди берүүдөгү талаптарды күчөтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жыйынга коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана башкы банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов катышкан.

Жолугушууда технологиялар финансылык операцияларды жеңилдеткени, ошол эле учурда алдамчылыктын түрлөрү пайда болуп жатканы кеп болду. Жакыпов Улуттук банк тарабынан онлайн кредиттөө талаптарын күчөтүү каралып жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары, коммерциялык банктарга калкка алдамчылыктын түрлөрү тууралуу кеңири маалымат берүүнү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

"Укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу, ошондой эле коммерциялык банктар ар кандай алдамчылыктан коргонуунун тиешелүү системаларын (антифрод) ишке киргизүү боюнча биргелешип иш алып баруу да айтылды", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында финансы системасында алдамчылыкты азайтууга багытталган ишти күчөтүү чечими кабыл алынганы кошумчаланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости