www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстан соттолгон жарандарын бири - бирине өткөрүп берет. Тиешелүү келишимге 18-июлда эки өлкөнүн башкы прокурорлору Ташкентте кол коюшту. Соттолгондор абактагы калган жаза мөөнөтүн өз өлкөсүндө өтөйт.

Башкы прокуратура маалымдагандай, бул документ президент Садыр Жапаровдун кошуна өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарыны алкагында кабыл алынды.

Ошол эле учурда Өзбекстандагы жаза өтөөчү жайларда канча кыргызстандык бар экени тууралуу айтылган жок. Кыргызстанда да канча өзбек жараны камакта экени жана соттолгондорду алмашуу качан башталары беймаалым.

Жыл башында Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын 1500гө жакын жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтун өтөп жатканын, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда экенин билдирген.

Последние новости