www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев быйыл каякта эс аларын билбейм, балким “караңгы жерде” эс алып калар. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Эрдоган менен достук мамиледе жүргөндө Түркияга барып Жер ортолук деңизге бутун салып, чөмүлгөндү баалоочу. Бирок, Эрдоган менен достук мамилеси үзүлгөн соң, Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттерге барып эс алып калган. Аны туурашып берметтей болгон Ысык-Көлүбүз турса да атка минерлер чет мамлекеттерге барып эс алып келгенди жакшы көрчү.

Кыргызстандын жаңы президенти быйыл эс алууга чыгар алдында мурунку президентти камоо жөнүндө маселелер коюла баштады. Мындай кырдаалдар эмнеге эл эс алуу алдында көтөрүлүп жатканы түшүнүксүз. Бирок ал чет мамлекеттердин курортторун көтөрбөй Ысык-Көлүбүздү көтөрөт деген ишеним бар, аны туурашып чет мамлекеттерге барып эс алып көнүп калгандардын, далайынын шору катып өз мекенибизде эс алып калышат го?  

Каспий деңизи Ысык-Көлгө салыштырмалуу майланышкан деңиз, бирок мекенчил сезими ойгонгон Түркмөнстан президенти Гурбангали Бердымухаммедов жыл сайын Каспий деңизинин боюндагы Аваз курортунда эс алып ыр чыгарып, рэп чыгарып жүрөт.

Ташкен облусунда Бостанлык районунда “Сиджак” деген поселекко жакын жерде Чарвак деген курорт бар. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев ушул курортто эс алат деп болжолдонууда. Ислам Каримов да Өзбекстандын курортторунда эс алууну туура көрчү.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Чимбулак сыяктуу казактардын курортунда эс алып, ал эмес казактын атка минерлерине өздөрүнүн курортторунда гана эс алуусуна көрсөтмө берген. Ал эми Казакстанга июнда эле президент болуп шайланган Касым-Жомарт Токаев быйылкы жылы кантип эс алсын?

Биздин аймакта эң эмгекчил президент Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дешет. Ал мамлекет башында турган канча жылдардан бери анын эс алганы тууралуу маалымат жок. Рахмон мырза эс албай эле күжүлдөп иштей берет экен. Аны менен кошо президенттин аппараты менен өкмөтү да эс алууга чыкпай иштей берет дешет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости