www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошентип менеджерликтин алчы-таасын көрсөтүп, КТРКны төрт жыл башкарган Илим Карыпбеков кызматтан сыйынча кетти. Эмгек жамааты аны жакшы маанайда узатты. Албетте, экинчи мөөнөткө калууга болгон аракетинен майнап чыкпады. Анткени жогору жактагы “жүндүү билектер” башка кишини каалашты да ошол буйругу натыйжада жүзөгө ашты. Жаандан кийин чыга калгандай болгон сансыз талапкерлер болсо таранчыдай болуп тебилди. Кандай болгон күндө да таалайлуу менен талашып кереги жок экени дагы бир ирет ачыкталды.

Ал эми мурдагы деректирдин ордуна шайланган Жайнак Үсөн уулу деген ким? Ал буга чейин качып кеткен Өмүрбек Бабановдун пикирлеши катары НТСти жетектеп келгенин билебиз. Бирок, анын кантип ири жамаатка башчы болуп келгени боюнча кеңири айтууга убакыт тардык кылат. Кептин нугу башкада десек болот. Эми ушул деректир өлкөдөгү башкы каналдын баркын мезгил талабына шайкеш көтөрө алар бекен деген собол берилиши мыйзам ченемдүү эле.

-“Эгерде ишти жөндөй албаса байкоочу кеңеш четте калбайт, керек болсо катуу чара көрүүгө чейин барабыз”-деген кебин Жыпар Жекшеев эскертип кетти. Айтор, Жайнак мырзанын мойнуна чоң милдет жүктөлдү. Аны көтөрүп кетүүгө, көрүнүктүү каналды калыстыкка калыптандырууга дарамети жетер, жетпесин убактысы келгенде көрөрбүз. Ага чейин демибизди ичибизге катып күтө туралы. Кана, Жайнак өнөрүңдү көрсөт!

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости