www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакшы кабар! Кыргызстанда үч эм төрөлдү

Ош шаарында 19 жаштагы келин үч эм төрөдү. Бул маалыматты Шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Зейнеп Исраилова жергиликтүү ЖМКга  тастыктады.

Анын айтымында, Кара-Суу районундагы Нариман айылынын тургуну 27-апрелде төрөгөн. Жаңы төрөлгөн балдардын жана алардын энесинин абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Кыздардын салмагы 2, 400, 2, 100 жана 2, 000 килограмм экени маалым болду. Эне кесарево жолу менен көз жарган.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Ош шаарындагы төрөт үйүндө 11 500 ымыркай жарыкка келсе, анын ичинде 270и эгиз, 7 үч эм төрөлгөн.

Дарыгердин айтымында, карантин режимине карабастан, перинаталдык борбордун кызматкерлери күнү-түнү иштеп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости