www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Салайдин Авазов жазаларын өтөп жаткан мекемеде карантинде. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы  билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы соттолгондор 14 күн туруучу өзүнчө бөлмөдө, анда медициналык кызматкерлер, психологдор жана мекеменин башка кызматкерлери иштешет. Ошондой эле, аларды дарыгерлер көзөмөлдөп, андан кийин участкаларга жөнөтүлөт. Жактоочулар карантин аяктаганда, камактагылар менен жолуга алышат.

"Сапар Исаков жана башка соттолгондор түзөтүү абагынын башчысына анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн арыз менен кайрыла алышат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жаңы соттолгондордун, анын ичинде Исаковдун, Сатыбалдиевдин жана Авазовдун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эч кандай өтүнүчү болгон жок. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери менен жеке сүйлөшүү учурунда Сапар Исаков Замир Жоошев менен жолугушууну жана сүйлөшүүнү каалабагандыгын билдирди.

Мисалы, Текебаев Өмүрбек Черкешович жазасын өтөө үчүн №47 мекемеге келгенде, анын жеке арызы боюнча, ал соттолгондордун көпчүлүгүнөн өзүнчө камакта отурган, ал жерде колония кызматкерлери ага жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык шарттарды түзүшкөн. Ошол эле учурда Дүйшөнкул Чотонов Молдовановка айылынын №27 мекемесинде жазасын өтөп жаткан, бирок ал камакта өзүнчө кармоо өтүнүчү менен кайрылган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 22-апрелде комиссиянын чечими менен жазык-аткаруу кодексинин 72-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, Сапар Исаковду №8 жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечимин кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости