www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарындагы өз алдынча баса албаган коляскага муктаждыгы бар 24 жаранга жергиликтүү бийлик тарабынан акысыз коляскалар тапшырылды. Аларды калаа мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошев баштаган депутаттар тобу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйлөрүнө жеткиришти.

Өткөн жылы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бул багыттагы маселелери жергиликтүү бийлик жана депутаттар кеңешине көтөрүлгөн. Шаардын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында коляска алуу үчүн тизмеде турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын санын кыскаруу максатында 2019-жылы жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Жалал-Абад шаарында жылдагыга салыштырмалуу коомдун бул аярлуу катмарынын жашоо шартын жакшыртууга кам көрүү жанданды.

Алсак, 3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенжарандардын күнүнө карата шаар бюджетинен 634 жаранга 500 сомдон акчалай көмөк көрсөтүлүп, ар түрдүү кайрымдуулук иш чаралары өткөрүлдү.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында 3 миң 604 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болсо, алардын 400дөн ашууну 18 жашка чейинкилер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости