www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 10-январь күнү саат 03:00 чамасында Чаткал районуна Бишкек шаарынын тургуну К.У.  жүк ташуучу унаа менен келген. Белгисиз жаран такталбаган үлгүдөгү ок атуучу курал менен К.У. аттууну атып жиберген. 

Натыйжада К. У. Ала-Бука райондук ооруканага жетпей алган жаратынан улам жолдо каза болгон. Бул факты боюнча Чаткал жана Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги, тергөө-ыкчам тобу жана тиешелүү кызматкерлери менен бирге тез арада окуя болгон жерге барышып, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, жыйынтыгында шектүү катары Терек-Сай айылынын тургуну Э.А. экендигин аныкташкан.

Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси  (Адам өлтүрүү) менен өндүрүшкө алынды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин жыйынтыгында төмөнкүлөр маалым болгон. Чаткал районунун Терек-Сай айылынын Ак-Там участкасында Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 1994-жылы туулган Э. А. аттуу тургуну өзүнүн “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасында отурган. Ошол учурда Ош облусунун Өзгөн районунун Кайрат айылынын 1983-жылы туулган А.Э. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Вольво-FH 12”  үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы келе жаткан.

Айдоочунун жанында шериги К.У. болгон. Автоунааны токтотуп, К.У. аттуу чыгып, өтүп кетүү үчүн жолдо турган Аскаттын автоунаасын жол четине жылдырып коюну талап кылган. Ортодо келишпестик пайда болуп, Э.А. аттуу автоунаасындагы  ок атуучу куралы менен жүргүнчү катарында бара жаткан У. К. аттууну көкүрөк тарабын  атып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Эскпертиза көрсөткөндөй Э.А. мас абалында болгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изин суутпай бир нече сааттан кийин шектүү кармалып, Чаткал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости