www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өз телефондорунун балансын толтуруу үчүн эч качан бюджеттик каражаттардан пайдаланышпай, алар өздөрүнүн депутаттык ишмердигин коомдук байланышта гана жүргүзүшөт. Бул тууралуу шаардык кеңештин аппаратынан билдиришти.
Кечээ, 2 май күнү knews.kg сайты Елена Цойдун “Жалал-Абад шааркеңешинин депутаттарынын 33,5 миң сомдук телефон балансын бюджеттен толтурушат” (“Депутатам джалал-абададского горкенеша из бюджета пополнят баланс на телефонах на 33,5 тыс. сомов”)аталышындагы маалыматын жарыялаган. Ага КР мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылган маалыматты негиз кылышкан.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун кызматкерлери бул маалыматка түшүндүрмө алуу үчүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси Бактыгуль Беркбаевага кайрылышты. Анын айтымында, 33,5 миң сом бюджеттик каражат шаардык кеңештин депутаттарынын эмес, шаардык кеңештин аппарат кызматкерлеринин жылдык муктаждыгына каралган. Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппаратында 9 кызматкер иштейт. Шаардык кеңештин туруктуу жана жумушчу комиссиялары менен такай иш алып барууда туруктуу телефон байланышы зарыл. Ал эми стационардык жумушчу телефонунан мобилдик оператордун телефон номерине чалуу кымбатка турат (6 сом жана андан жогору). Ошондуктан, ар бир кызматкерге депутаттар менен байланышып туруу үчүн телефонуна баланс жүктөлөт, бул бюджет үчүн кыйла үнөмдүү.
КР мыйзамдарына ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өздөрүнүн депутаттык ишмердигин коомдук башталышта гана алып барышат.
Булак: NazarNews.kg