www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет. БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) бул күндү утурлай дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 2018-жылы дүйнөдө 22 журналист киши колдуу болгон, былтыр 262 журналист соттолуп, камакка алынган жана 58и дайынсыз жоголгон.

Буга чейин аталган эл аралык комитет Кыргызстандагы сөз эркиндигине тынчсыздануусун билдирип, журналист Элнура Алкановага жана "Заноза" сайтына карата жүргөн соттук териштирүүлөрдү "сөз эркиндигине кысым" катары сыпаттаган.

25-апрелде баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Sans Frontières - RSF) уюму жарыялаган жылдык баяндамада Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча тизмеде былтыркыдан тогуз тепкичке ылдыйлап, 98-орунга түштү.

Баяндаманын авторлору муну бийликтин басма сөзгө көрсөткөн кысымы жана журналисттерге, эркин басылмаларга салынган чоң айыппулдар менен негиздеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости