www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери баңгизат менен “подстава” уюштуруп жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Б.У.А., Ю.К.М. жана Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү А.А.А. статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында Жалал-Абад облусунун тургундары Т.у.Т., П.Н.Х. жана эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан А.А.А. аттуу жарандын жардамы менен И.Н.С. аттуу жарандын баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү фактысын фиксациялоо боюнча жашыруун ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын өткөрүүнү пландашкан.

Аталган адамдар бирдиктүү кылмыштуу бүтүм боюнча аракеттенип, И.Н.С. аттуу жаранга карата ойдон чыгарылган кылмыштуу иш-аракетке шарт түзүп беришкен.

Тактап айтканда, түзүлгөн планга ылайык, Т.у.Т аттуу жаран милиция кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен Базар-Коргон районундагы кароосуз калган үйлөрдүн бирине «марихуана» баңги затын жашырган.

Андан кийин, И.Н.С. жогорудагы адамдардын пландары жөнүндө маалыматы жок болуп, милиция кызматкери Ю.К.М.нын коштоосунда жогоруда көрсөтүлгөн үйгө келип, ал жерден А.А.А. документтери бар делген (иш жүзүндө баңги каражаттары катылган) желим баштыкты таап, Ю.К.М.га берген.

Бул иш-чара "көзөмөлдөнүүчү сатып алуу" катары таризделип, андан кийин И.Н.С. аттуу жаран 3 айдан ашык убакыттан бери тергөө абагында мыйзамсыз кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө И.Н.С. бир нече жолу А.А.А.нын өтүнүчүнүн аткарылышы жөнүндө көрсөтмө берген жана жогоруда көрсөтүлгөн желим баштыгынын мазмуну жөнүндө кабардар болгон эмес, анын көрсөтмөлөрү максаттуу түрдө көңүл сыртында калтырылган, ошондой эле ага карата физикалык жана психологиялык кысым көрсөтүү чараларын колдонуу аркылуу ага баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандыгы жөнүндө моюнга алдыртышкан.

Андан ары И.Н.С. аттуу жаран өзүнүн аракеттеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу сот органдары тарабынан толук акталган.

2025-жылдын 24-апрелинде КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Б.У.А., Ю.К.М. жана А.А.А., ошондой эле алардын жарандык шериктери Т.у.Т. жана П.Н.Х. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости