www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин кыргызстандыктарга жана Россия Федерациясынын аймагында иш жүргүзгөн өлкөнүн ишкерлерине кайрылуусу Фейсбук баракчасына жарыяланды.
"Акча каражаттарын коопсуз которуу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан накталай жана накталай эмес россиялык рубль менен операцияларды жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилген.
Акыркы жылдары Кыргызстанда накталай чет өлкө валютасы, анын ичинде россиялык рубль менен банк секторунан тышкаркы алмашуу бюролору аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү кыйла өстү. Бул накталай валютанын жүгүртүлүшүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүп, эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү менен финансылык операцияларды жүргүзүү тобокелдигин жаратып келген.
Валюта агымынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында 100% акциясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине таандык болгон “Борбор Азиянын Капитал Банкы” ААК аркылуу накталай жана накталай эмес россиялык рубль менен айрым операцияларды борборлоштуруу чечими кабыл алынган.
Баса белгилей кетсек, бул которуулардын суммасы боюнча эч кандай чектөөлөр коюлган эмес.
Көрүлгөн чаралар жалаң гана жарандардын жана ишкерлердин каражаттарын коргоого, операцияларды көзөмөлдөөнү жана ачык-айкындыгын күчөтүүгө, каржы системасынын туруктуу иштешин колдоого багытталган. Россия биздин өлкөнүн ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда.
Жаңы эрежелер киргизилгенден кийинки алгачкы эки жуманын жыйынтыгы боюнча банк секторунда накталай рублдик операциялардын көлөмү байкаларлык кыскарган, бул бүдөмүк финансылык агымдардын тобокелдиги азайгандыгын көрсөтүп турат.
Акча каражаттарын которууну Россия Федерациясында жайгашкан, санкцияларга дуушар болбогон россиялык каалаган банктар аркылуу жасаса болот.
Кыргызстанда которулган каражаттарды “Борбор Азиянын Капитал Банкы” ААКтын каалаган филиалынан алса болот.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана “Борбор Азиянын Капитал Банкы” ААКсынын жетекчилиги кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана бардык суроолоруңуздарга жооп берүүгө даяр", - деп айтылат кайрылууда.