www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 3-июнда республиканын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаап, сел жүрдү. Алсак, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып кетти. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган райондун Сары-Булуң айылдык аймагына караштуу Кара-Суу айылында саат 18:50 чамасында жамгыр катуу жаап, сел жүрдү. Анын кесепетинен 1 ички чарбалык көпүрө агып, 8 турак үйдүн короосун суу каптады.

Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук комиссия жеринде иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет дешти министрликтен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости