www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту 3-июнда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча кылмыш ишин кароону улантты.

Соттун басма сөз кызматы маалымдагандай, жараянда Ибраимов менен Кулматов суралып бүттү. Иштин материалдарын иликтөө да аяктады. Кийинки жараян 10-июнга белгиленди.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду беш миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон. Бул иш боюнча экс-мэрлер менен кошо айыпталган 11 кишинин баары сот залынан бошотулган.

Айыпталуучулар да, мамлекеттик айыптоочу тарап да апелляциялык арыз менен шаардык сотко даттанып, доо арыз 7-февралда карала баштаган.

Кулматов Кытай берген акчага “Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган” деп айыпталган.

Ибраимовго бул иштен тышкары бир нече берене боюнча, “Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, “Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар” деген айыптар коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости