www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 3-июнда "Комсомольская правда" гезитине маек куруп, идеологдорго “орус диаспорасы” деген туюндурманы колдонууга тыюу салганын айтты.

Токаев бардык казакстандыктар улутуна карбай өздөрүн бир эл катары эсептей турганын, мындан улам өлкөдө “улуттук азчылык” деген түшүнүк жок экенин билдирди.

"Жакында чет өлкөлүк аналитикалык материалдардын биринен “Казакстандагы орус диаспорасы” деген туюндурманы көрүп калдым. Мен биздин идеологдорду жана талдоочуларды чыныгы абалга түп-тамырынан карама-каршы келген мындай сүйлөмдү колдонбоону эскерттим. Орустар - биздин элдин бир бөлүгү. Алардын Казакстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымдары өтө чоң жана эстен чыгарууга болбойт", –деди Токаев.

Токаев көптөгөн орус аттары өлкө тарыхында “алтын тамгалар” менен жазылып калганын белгиледи.

Казакстан калкы 18,6 миллион кишини түзөт, анын ичинен 3,5 миллиону –орустар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости