www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Ош облусунун Алай районунда балык кармоо үчүн барган 45 жаштагы адам токко урунуп каза болду деген маалымат жарыяланган. Аталган окуянын видеотасмасы жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жаран 1-июнь күнү Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу дарыясына балык кармоого барган.

“Балык уулоого ага-ини жана алардын кошунасы барган. Маркум кайырмагын суудан алып чыгуу үчүн катуу тартканда жогорку чыңалуудагы электр чубалгысына тийип кеткен. Чубалгы үзүлүп, кайырмак суу болгондуктан аны кармап турган кишини ток уруп, ал окуя болгон жерде каза болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал эми женсыз денеге сырттан кароо жүргүзгөндө токко урунуп, жүрөгү токтоп калгандыгы аныкталган. Факты кокустук деп катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости