www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурун Шопоковдор эли үчүн өлүмгө даяр эле, эми Сопоковдор акча үчүн өлүмгө даяр. Стамбулдагы Башкы консул Эркин Сопоков жүргөн дипломатиялык номерлүү машина Айэркен Саймаитини өлтүргөн жерден табылган. Сопоков кызматынан алынып, УКМКнын СИЗОсуна камалган. Сопоков Саймаити менен жакшы тааныш болгон, ал 2019-жылдын сентябрь айында Стамбулдагы Башкы консулдукка келип, Сопоков менен чай ичип отуруп, Саймаити баягы эле акча боюнча арманын айтып кирет. Саймаити Өзбекстандагы “Абу –Сахий” базарынын кожоюну Ажыке (Хабибула Абдукадыр)  830 миң доллар карызын бербей жүргөнүн даттанган. Ажыкеден карызын алуу үчүн “Азаттык” үн алгысынын журналисти Али Токтакунов менен сүйлөшүп, ага которулган акчалардын квитанцияларын көрсөтөт. 2019-жылдын февраль-март айларында Али Токтакуновго маалыматтарды даярдоо үчүн кээ бир квитанцияларды берген. Саймаити Ажыке (Хабибула Абдукадыр)  менен телефон аркылуу байланышып карыздарын доолап турган. Сопоков 2019-жылдын апрелинде Айэркен Саймаити менен жолугушканда, ал 300 миң долларын алгандыгы тууралуу айткан. 2019-жылдын июнунда Стамбулга 200 миң долларын берип жибергени белгилүү болгон.

Ошондон соң Айэркен Саймаити Сопоковго жакында “Азаттык” үн алгысынын журналисти Али Токтакунов учуп келерин, ага 50 миң доллар бере турганын айткан. Мунун себеби, журналист жалпы маалымат беттеринде Айэркен Саймаитиге карыздарын өндүрүп алууга жардамын бермек, ал эми Айэркен Саймаити бул үчүн ага акча төлөмөк. Сүйлөшкөн боюнча Айэркен Саймаити Али Токтакуновго 100 миң доллар бермек, 50 миң доллар бергендигинин себеби, калганын карыздар толук колго тийгенден кийин бере турган болгон.

2019-жылдын июль айында  “Азаттык” үн алгысынын журналисти Али Токтакунов учуп келип Саимаитиден 50 миң доллар алганы тууралуу Сопоков билдирген. Сопоковдун айтымында Айеркен Саимаити Хабибула Абдукадырдан 500 миң доллар алган. 2019-жылдын август же сентябрь айларында, Стамбул шаарында экөөнүн жолугушуусу болмок. Ажыке (Хабибула Абдукадыр) Өзбекстандан Стамбулга келип калган акчаларын Айэркен Саймаитиге бермек. “Азаттык” үн алгысынын журналисти Али Токтакунов Айэркен Саймаитиден калган 50 миң долларын алдыбы белгисиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости