www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 3-июнда саат 16:00гө карата Нарын шаарында​ жаап өткөн жамгырдын кесепетинен​ турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү сел каптаган. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, коктудан келген суулар Чоң-Нарын каналынан ашып, сел суулары турак үйлөргө, чарбалык курулуштарга жана унаа жолдорго зыян келтирген.

Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде жерине жалпы 48 куткаруучу, 3 унаа, 3 мотопомпа тартылган жана "Таза-Нарын" ишканасынан 1 грейдер, 1 экскаватор, "Суу канал" ишканасынан 1 суу сордуруучу унаа, облустук жана райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 4 грейдер, 5 экскаватор, 1 ХОВО тартылган.

Учурда 15 турак үйдүн короо-жайын кум, шагылдан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости