www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүү боюнча жетишилген ийгиликтер уланууда. Көз жумгандардын саны жана вирус жуктуруп алгандардын саны дагы азаюуда. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Акыркы 24 саатта вирустун себебинен көз жумгандардын саны 24 болуп, жалпы каза болгондордун саны 4 609га жетти.

Ошол эле убакыттын ичинде 52 305  кишиге  тест жасалып анын ичинен 867 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан чыккан 931 киши менен бирге жалпы айыккандардын саны 130 852ге жогорулады.

Буга кошумча Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, 1-июндан тарта күчүнө кирген «жаңы калыбына келүү» системасынын эрежелерине баш ийүүнүн «мурдагыдай жашоонун» күнүн да белгилөөчү боло турганын баса белгиледи.

Вирус менен күрөшүү боюнча келип жеткен жер жана мындан кийин жүргүзүлө турган жол тууралуу маалымат берген министр Кожа, чара көрүүлөргө баш ийилген учурунда экинчи толкун күтүлбөй турганын айтты.

Беткап кийүү, социалдык аралыкты сактоо жана кол тазалыгынын Ковид-19 менен күрөшүүдөгү маанисин дагы бир жолу баса белгилеген министр Кожа, бул эрежелерге баш ийилбеген учурунда баштапкыга кайра кайтуунун качылгыс боло турганы боюнча эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости