www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддагы ооруканаларда 51 адам оор абалда жатат

Жалал-Абад облусундагы ооруканаларда 51 адам оор абалда, бирөө жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, облуста коронавируска жалпы 10 миң 2 адам кабылса, анын 8 миң 388и айыкты. Ошондой эле 167 бейтап каза болду.

"Жалал-Абадда жалпы 36 миң 399 ПЧР, 13 миң 291 экспресс-тест жүргүзүлгөн. Облус аймагында 19 күндүзгү стационар иштөөдө", - дейт ал.

Ызабеков облус аймагынын "кызыл зоналарында" 187 медкызматкер иштегенин айтат. "Жалал-Абадга дагы 184 медик жетишпейт. Октябрь айында 45 медкызматкерди жумушка тарттык. Ошондой эле 1 миң 379 медик оорудан өткөрүлдү", - дейт облус жетекчисинин орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости