www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевдин отуз жылдан ашуун саясий жолунда, шайлоолор алдында көп эле биригүүлөр болду. Алардын ичинде эсте калганы 2004-жылы Мисир Ашыркулов башында турган Жарандык союзга кирген, анда Алмазбек Атамбаев, Мелис Эшимканов, Марат Султановдор бар эле, бирок жеңишти КЭК кыймылы алып кеткен. 2009-жылы Роза Отунбаева башында турган БЭКти түзгөн, бул кыймыл тарыхий жактан катаал кыймыл болду. Анткени, БЭКтин мүчөсү Алмазбек Атамбаев мамлекет башына келген соң “Скорпион” сымал бардык башка БЭКтин мүчөлөрүн камаганын камап, сабаганын сабап бүт кемирип жеген. Жапжаш саясатчыдан сакалдуу саясатчыга айланган Текебаев учурда СДПК баш болгон, “Ак шумкар” төш болгон көптөгөн партиялар менен шайлоого биригип баратканы жатат. “Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз арак “такой” болбойт.  Кызматташтык тууралуу келишимге «Ата Мекен» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Текебаев, «Ак шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, КСДП партиясынын кыймылынын төрагасы Рыскелди Момбеков, «Жаңы Дем» партиясынын төрагасы Тилек Токтогазиев, «Жашыл күчтөр» партиясынын төрагасы Азамат Темиркулов, Кыргызстандын либерал-демократтар партиясынын төрагасы Жанар Акаев кол койду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости