www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook социалдык түйүнү мамлекеттик көзөмөлдөгү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү менен тайпаларына атайын белги кое баштады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.

Компаниядан билдиришкендей, кийинчерээк мындай ЖМКлардын жарнамаларына да атайын белгилер коюла баштайт.

Бүгүнкү күнгө карата ЖМК мамлекетке таандык экендиги тууралуу белгилер Орусиянын RT телеканалынын, Кытайдын CCTV телеканалы менен «Синьхуа» агенттиктеринин, Кытай компартиясынын борбордук комитетине таандык «Женьминь жибао» гезитинин баракчаларында пайда болду.

Жыл аягында, АКШдагы президенттик шайлоого жакын мындай басылмаларга өз өлкөсүндөгү колдонуучулар үчүн жарнама берүүгө тыюу салынат. Facebook атайын белгиге ээ болгон уюм социалдык түйүндүн мындай чечими менен макул болбосо, апелляция берсе болорун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости