www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биз атбашылык мед кызматкерлер кайрылуу жаcап жардам күтөбүз . Бирок кызматкерлер видео кайрылуу жазагандан баш тартышты. Аттарын атабай эле анонимдүү болсо деп ойлошот. Жетекчилер министр, зам министр аркылуу чечилерин айтышат. Ошондуктан ушул катты жолдойбуз,-деп жумушу жок калабыз деп атын атагысы келбеген медицина кызматкерлери NazarNews маалымат агенттигине кайрылышты.

“Биз Ат-Башы районунда Ат-Башы аймактык ооруканасында эмгектенип келебиз. Биздин сизге кайрылуубуздун себеби: өзгөчө кырдаалга байланыштуу казарма карантиндик тартипте март, апрель, май айларында иштеп келе жатабыз. Ошол айларда мекемелер арасында, бөлүмдөр арасында кошумча төлөм айлыктардан айырма болуп калды.Биринчилерден болуп иштеген инфекция бөлүмүнүн коллективине казарма карантиндик режимде март айы үчүн (18-марттан) корреспондентский счеттон деп 6 миңден 10 миңге чейин кошумча төлөм төлөп беришти. Бирок, ошол эле учурда иштеген ЦСМ 40 миң сомдон алышканын айтышууда .

Ошондой эле мед штабдын жетекчилеринин кемчилигинен обсервация режими бузулууда. Обсервациядан 4 кызыбызга COVID инфекциясы жугуп, катуу жапа чегишти . Ушул бригададагы калып калган 5 кызматкердин обсервация күндөрү узарып, 33 күндүк болду . Ал күндөрдүн 14 күнүнө кошумча төлөм төлөнүп, калганы төлөнбөй калды. Штаб жетекчилеринин туура эмес иши үчүн 4 кызга коронавирус инфекциясы жугуп, ПЦР анализдин интервалы туура сакталбай жапа чектик.

Соцбаракчаларда жазып жаткандай ооруканадагы берилген тамактын абалы. Өз чөнтөктөрүбүздөн кошумча азык алып жатканына толугу менен кошулабыз. Covld инфекциясы менен ооруган кыздарыбыз кайра өз жумуш ордуларына келе алышпай, түрткүнчүк болушуп ар кайсы бөлүмдө иштеп келишүүдө. Ооруп калган кыздарга өкмөт убада кылган кошумча төлөм берээри белгисиз.

Казарма карантинде 18 күн, обсервацияда 33 күн болуп, 14 күндөн ашканы төлөнбөй, 50 күн үй-бүлөбүз, балдарыбыз менен жолуккан жокпуз. Апрель айында 2 кызыбызга такыр эле кошумча төлөм эсептелинбей унутуп, эмки айга кошуп берээрин айтышты. Ал эми обсервациядагы төлөнбөгөн күндөрдү сурасак министирден, министрдин орун басары Каратаевге кат жазганын айтышат же ошондой эле “төлөнбөгөн күндөрүңөрдү больничный жазап беребиз го” дешет. Апрель айынан бери төлөп же төлөбөөрү жөнүндө  жооп жок. Төлөнбөй кайра май айында иштешкен 2 кызматкерге  сакталуу  болот деген айлык берилбей,  айлыктын жарымын эле алышкан. Иштеген сааттары 216 саатты түзгөн. Эс алууга, "больничныйга" чыккан кыздар акчасы аз болуп калганын айтып, баарыбыз нааразы болуп келебиз. Айлыгыбыз үйгө эмес, банктагы кредитке жетпей калды .

Жогорудагы жактарды эске алып, Ат-Башы аймактык ооруканасынын жетекчилигин, бухгалтериясын, мед.штабдын ишин биздин кыздардын ден соолугуна келтирген зыянын, 50 күндөп үйүн көрбөй, обсервацияда болуп, акырында бир кызматкерибиз ооруп реанимацияга жатып калганын, айлык акыларыбызды толук ала албай калганыбызды эске алып, кандай иш жүргүзүп жаткандыгын текшерип берүүңүздү суранабыз. Кызматкерлерибиз так жана туура маалымат  ала албагандыктан сиздерге кайрылуудабыз”,-деп Ат-Башы районунун медицина кызматкерлери кайрылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости