www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат, Бюджет жана  финансы боюнча комитеттери  бүгүн, 5-июнда өлкө экономикасын  өнүктүрүүгө багытталган 14 мыйзам долбоорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өткөрүлүүдө. Талкууга  Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана  көз карандысыз серепчилер катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Парламенттик угууну ачып жатып Бюджет жана финансы боюнча комитеттин  төрагасы  Эмиль Токтошев  коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан  жаңы экономикалык чакырыктарга тушукканын, алар оперативдүү чечүүнү талап кылаарын  белгиледи. Ошондой эле депутат Өкмөт  так жана натыйжалуу  каатчылыкка каршы планды сунуш кылбагандыктан, бул мыйзам долбоорлору  депутаттардын жана  бизнес өкүлдөрүнүн  сунуштарынын  негизинде  иштелип чыкканын айтты.

Депутат Мирлан Бакиров  парламенттик угуулардын  катышуучуларын  сунушталып жаткан  мыйзам долбоорлорун активдүү талкуулоого чакырды. Ал азыркы кырдаалда  бардык тараптардын башын кошуу зарылчылыгын белгилеп: “Бул мыйзам долбоорлору  бизнестин  кызыкчылыгын көздөп иштелип чыкты”, – деп  кошумчалады.

Ошондой эле депутат Каныбек Иманалиев бүгүнкү күндө  экономикадагы жаңы сегменттерди издөөгө өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигине токтолуп, электрондук соода жүгүнтүүнү жигердүү өнүктүрүү керектигин билдирди. Муну менен катар мыйзам долбоорлору аркылуу  бизнеске админстративдик  жүктү азайтуу жана ички резервдерди  колдонуу сунушталып жатканын  маалымдады.

Парламенттик угуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан  каатчылыкка каршы чаралар тууралуу айтып, жакында посткризистик план сунушталаарын кошумчалады. Ал эми талкууланып жаткан мыйзам долбоорлору Өкмөттө каралып жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, парламенттик угуу алкагында каралып жаткан 14 мыйзам долбоорунун ар бири өз-өзүнчө талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости