www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалил Атамбаев 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мурда маалымдалгандай, Жалил Атамбаев Ички иштер министрлигинин кызматкери болгон убагында, бир эле мезгилде ишкердүүлүк менен алектенип, 100 миллион сомго кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны өзүнүн жакын туугандарынын атына каттаганы тууралуу тергөөдө аныкталган.
Мурда тергөө менен кызматташууга даярдыгы жана кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү боюнча, 2021-жылдын 29-мартында шектүү Жалил Атамбаев 50 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду.
Шектүү Жалил Атамбаев бүгүнкү күндө кылмыш ишинде 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берди.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аяктайт", - деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg