www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сталиндик репрессия учурунда запкы жегендердин катарында Бишкек шаарын гүлдөткөн Нариман Түлеевдин чоң атасы Жылкычы уулу Түлөө ата тууралуу учкай кеп козгоону чечтик. Ага себеп, социалдык тармактарда Нариман Түлеевди “калмак” дешип, чындыкка дал келбеген маалыматтардан улам тарыхка кайрылууну эп көрүп, окурмандарга жарыялайбыз. Борбордук мамлекеттик архивде мурун мамлекеттик тил болуп эсептелген орус тилинде Жылкычинов Туля деп жүрөт. Кыргыздар наристесине ысым койгондо жакшылыкка ырымдап Түлөө, Түлөке деп ат коюшкан.
Жылкычы уулу Түлөө, 1904-жылы Нарын районунун Мазар айылында туулган. Сол канаттын кытай уруусунан. Улуу Октябрь революциясына чейин азыркыдай жалпы билим берүү системасы болгон эмес. Бирин-серин колунда бар адамдардын балдары гана кээ бир айылдардагы медреседен кат сабатын жоюшкан. Алардын ичинде идиректүү, зээндүү балдар андан ары өз билимдерин улантып кетишкен. Ошентип, Нариман Түлеевдин чоң атасы Түлөөнүн балалык кези оор кырдаалдарга туура келет. Ал он эки жашка толгондо дүйнөлүк биринчи согуштан урушуп жаткан ак падыша Николай кыргыз жарандарын оорукка алуу боюнча Жарлыгын чыгарат.
Балдарын согушка бербейбиз деген кыргыз эли көтөрүлүп жогорку Жарлыкка каршы чыгат. Бул көтөрүлүшкө каршы орус аскерлери, казак-орустар биригип, кыргыз элине ок атышып, Улуу Үркүн башталат. Он эки жаштагы Түлөө ата кандуу алааматтын толук күбөсү болгон. Мамлекеттик Думанын ошол кездеги депутаты Федор Керенский ушул алааматты эң биринчилерден болуп сындап чыккан.
1917-жылы февралда Орусияда ак падыша кулатылып, бийлик Керенскийлердин колуна өтөт. Кытайга үркүп кеткен эл артка кайта баштайт, үркүн убагында көрбөгөн азаптарды көргөн дараметтүү Түлөө ата да кайтып өз мекенине келип, окууга болгон көксөөсү ишке ашып, 1921-жылы Алматы шаарындагы советтик-партиялык мектептен билим алат. Советтик-партиялык мектептен анын билимге болгон шыгын байкашып, улуттук кадрларды көтөрүү максатында 1921-жылы Алматы шаарындагы Казак-Кыргыз институтуна жөнөтүшөт.
Иштейм дегенде эки көзү төрт Жылкычы уулу Түлөө 1925-жылы туулган жерине кайтып келип Каракол шаарындагы мергенчилер союзуна төрага болот. Анын мыйзамга болгон дараметин байкагандар 1926-жылы Ташкент шаарындагы юридикалык техникумга жиберишет. Окуу менен ишти айкалыштырып жаш Түлөө 1926-жылдан 1929-жылга чейин Кыргыз АССРиндеги Аламүдүн, Чүй, Калинин райондорунда элдик судья болуп иштеген.
1926-жылы ВКП (б)нын мүчөлүгүнө өтөт, партиялык билетинин № 0825945. 1930-жылы жыйырма алты жаштагы Түлөө ата Кыргыз АССРиндеги юстициялык эл комиссиаратындагы республикалык прокурордун орун басары болуп дайындалат.
Ошол эле 1930-жылы анын билимин өркүндөтүү үчүн Москва шаарындагы П.И.Стучка атындагы советтик укуктун Москвалык Жогорку институтунун эки жылдык юридикалык курсуна жөнөтүшөт. Москвалык институтунун эки жылдык юридикалык курсун аяктаган соң ал убактылуу Нарын шаарында прокурор кызматын аткарат. Бул тууралуу тарыхта да калган, анткени белгилүү манаптар Алымкул Байзаков жана Нурманбет Жүндүбаевдерди кармап кулакка тартууда Жылкычы уулу Түлөө эрдиктери көрсөткөнү боюнча Нарын райондук аткаруу комитетинин төрагасы Сарыбаевдин сыйлыгына татыктуу болгон.
1931-1932-жылдары республикалык Эмгек-түзөтүү Башкармасынын начальнигин орун басары, андан соң Юстиция Эл Комиссиаратынын алдындагы НКВДда уюштуруучу инструктор болуу менен катар Кыргыз АССРинин юстиция эл комиссиаратынын коллегиясынын анык мүчөсү болуп саналган.
Жылкычы уулу Түлөө ата 1932-жылдан баштап Москва менен бекем кызматташтыкта болгон. Ал Кыргызстанда өтүлө турган кеңешмелерди уюштуруу максатында Москва менен кат алышып турган.
Жылкычы уулу Түлөө ата ошол эле 1932-жылдан баштап республиканын түштүгүнө, айрыкча Ноокат районуна кызматтык командировкага ат тезегин кургатпай айдоо аянттарын себүү жана түшүм алуу убактарында чыгып турган.
1933-жылы Кыргыз башкы сотунун Түштүк аймагы боюнча кеңешмесинин төрагасы болгон. Негизинен бул жерде айдоо боюнча маселелер каралган. Кыргыз АССРинин Юстиция Эл Комиссиаратынын бул жыйынында күн тартибинде билим туралуу жана айрым аймактардагы прокурордун кылып жаткан канааттандырарлык эмес иштери каралган.
1934-жылы Жылкычы уулу Түлөө ата республикадан тышкары ишке жөнөтүлөт. Аны Өзбек АССРинин Ташкент шаарына прокурордун ага жардамчысы кызматына көтөрүшүп, ал Ташкент шаарындагы Пушкин көчөсүндөгү № 20чы үйдө алты адам менен жашайт.
Белгилүү манаптар Алымкул Байзаков жана Нурманбет Жүндүбаевдер Түлөө атадан өч алуу максатында жалаа жабышып, алардын айыңдарынан сталиндик репрессиянын азап-тозогун көрүп камакта жаткан. Убакыт өткөндөн кийин 1936-жылдын 7-майында Жылкычы уулу Түлөө РСФСРдин мыйзамы боюнча толук айыбы алынып, Кыргыз АССРинин башкы соту тарабынан акталып чыккан.
Жылкычы уулу Түлөө атанын негизги иш аракеттеринен тышкары шайлоочулар тарабынан ар кандай кызматтарга шайланып келген. Ал,1926-жылы Жалал-Абад облусунда аткаруу комитетинде жооптуу катчы болгон.
1928–жылы Жылкычы уулу Түлөө ата Фрунзе шаарында жана Аламүдүн райондорундагы аткаруу комитетинде президиумдун мүчөсү болгон. 1929-жылы Нарын Округдук аткаруу комитетинде коомдук иш-аракеттерине активдүү катышып, ВКП (б) нын ячейкасында жооптуу катчы жана аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, андан соң Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматын аркалаган. Бул тууралуу кадрлардын өздүк баракчасында таамай жазылган.
Түбөлүк эсте калган Нариман Түлеевдин чоң атасы Түлөө 1937-жылы сталиндик репрессияга кабылып атууга кеткен. Жылкычы уулу Түлөө тууралуу жазылган маалыматтар Борбордук мамлекеттик архивден алынды.
Нариман Түлеевди “калмак” дегендердин аныктамасы чындыкка дал келбейт десек болчудай...
Булак: NazarNews.kg