www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАМК журналист Капаровдун каты боюнча үн катты

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Бишкектин №1 тергөө абагындагы журналист Актилек Капаровдун катына байланыштуу комментарий берип, билдирүү таратты.

«Интернет желесинде ЖАКтын №21 мекемесинде кармалып турган айыпталуучу Капаров Мааданбек (Актилек) Таалайбековичтин абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу жаңылык тарап жатат. Аталган айыпталуучу менен маектешүү учурунда ал 2024-жылдын 28-майда сот залына кирээрде калем сап менен колдорун чийгилегенин айтып берген. Ошондой эле, мекеменин кызматкерлерине жана абак бөлмөнүн жашоо шартына арыз доосу жок экенин ооз эки билдирип, түшүнүк кат жазуудан жана денесин медициналык кароодон өткөрүүдөн баш тартты. Ал боюнча мекеменин кызматкерлери тарабынан тиешелүү акт түзүлдү», — деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, аталган фактынын негизинде 2024-жылдын 30-майда Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорго каршы улуттук борборунун өкүлдөрү келип айыпталуучу менен маектешүү жүргүзүп, тушүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишти.

Буга чейин «Темиров Live» иши боюнча камакта жаткан иликтөөчү журналист Актилек Капаров СИЗОдон кат жазган. Анда ал 5 айдан бери мыйзамсыз жана адилетсиз камалып жатканын билдирип, колун кескилегенин айткан.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган кызматкерлерин 13-мартка чейин камакка алган.

Кийинчерээк түрдүү себептер менен сегиз журналист үй камагына чыгарылган. Ушул тапта төрт журналист тергөө абагында отурат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости