www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үйүңдүн коңгуроосун басып турам. Ушул мүнөттөр кызык да, чый-пыйың чыгып, тез эле ичкери кирүүгө жутунасың. Бир маалда жароокер жүзүң көрүндү. Нурлуу. Сонун жылмаясың. Экөөбүз күүгүм бөлмөгө өттүк. Терезе ачык, машинанын шуулдап өткөндөрү угулуп турат.
-- Эмне жоголуп кеттиң? - деп таарынгандай үн каттың.
-- Иш көп...
-- Дайыма эле ушинтесиң.
-- Колдоруң сонун э? - дедим сөз таппай.
Жүзүңөн сылап, сооруңан аяр мыкчыдым. Жылмайып, уялыңкы карайсың. Кучактап, көкүрөгүмө бекем кыстым. Жүрөгүңдүн дүкүлдөгөнү угулуп атты. Мага кыналыша кучакташып, коргошундай эрип бараткандай сезилдиң...
-- Кел, жаталы? - дедим.
-- Шаша бересиң э? - деп шыбырадың.
Диванга куладык. Шымыңдын топчуларын чечкенче “тырс” деп үзүлүп кетти.
-- Коё турчу, өзүм... - дедиң.
Энеден туума чечине салдың, мен да шым-көйнөгүмдү алып ыргыттым. Ушул ирмемден аркысын сүрөттөгүм келбейт да. Бул дүйнөдө экөөбүз эле калгандай болуп, жуурулуша баштайбыз. Башында тартынып калчусуң, азыр тимеле аймалап, сенде башкача энергия, ээ-жаа бербеген күч пайда болот. Сагынычтан жаралган кумар оту жалбырттап атат. Сенин тыпыйган дене-мүчөң астымда калганда туйлап, көздөрүң сүзүлүп...
-- Чыгарба, чыгарба... - деп жалбара баштайсың.
Эски адатымча эле удургуй баштайм. Онтогонуң, аркама колдоруң жабышканы ансайын дем берип, ого бетер күчтөнтөсүң. Бир маалда көздөрүң аңтарыла ахалап, тырмыша калып, кайра жазылып, анан сулк жатып каласың...
-- Үстүмөн турбачы?.. - дейсиң шыбырап.
Экөөбүз үндөбөй бири-бирибиздин демибизди тыңшап, саамга кыймылсыз катып калган куурчактарга айланабыз...
Сени менен чай ичип, келечек жөнүндө кыялданып сүйлөшкөн да бир башкача эргүү. Ички дүйнөң аруу, эч нерсени жашырбаган жансың. Оюңда эмне болсо баарын эле ачык айта бересиң да.
-- Мен жакында күйөөгө тийем, - дедиң күтүүсүздөн.
-- Койчу?
-- Чын. Анан мени көрбөй каласың. Экөөбүз эч качан жолугушпайбыз.
-- Сени сагынам да...
-- Сагынасың, - деп жылмайдың.
Аңгыча телефонуң шыңгырап калды. Шашкалактай аркы бөлмөгө бастың. Мен болсо ыңгайсыз тарта отуруп калдым. Шкафыңдын айнегинен бөтөлкөнүн башы көрүндү. Шарт ача салып, дароо эле чоң стаканга толтура куйдум. Бастырып ийдим. Төшөк кумарынан кийин согуп алсаң, кайра делебени козготкон арактын бир керемет күчү бар да. Аза боюм ысып эле отуруп калдым. Сен болсо дагы эле телефон менен эзилишип атасың. Терезени ачып, тамеки чектим. Шаар кымгуут. Кичине салкын абадан дем алып, кайра ашканага кирсем дагы эле сүйлөшүп аткан экенсиң. Ушундай мамиле жакпайт да. Кайра “кычкыл суудан” шыңгыттым. Аңгыча келип калдың.
-- Жигитим менен сүйлөштүм. Азыр келет, - деп менин ичип отурганымдан чочуп кеттиң.
-- Келе берсин, көрөлү да.
-- Жо-ок, кетишиң керек, - дедиң элейип.
-- Мен бөтөлкөнү бүтүрмөйүнчө кетпейм да...
-- Ала кетиңизчи?
-- Жарым бөтөлкөнү көтөрүп алмак белем? Ушул жерден эле ичем...
-- Мен анда СМС жазып коёюн. “Эжемдер менен срочно кетип атабыз” деп...
-- Жаз, баарын жаз...
Алагүү тартып калыптырмын. Дасторкондогу тойдон келген эттен кыя кесип, үчүнчү стаканды бөксө куя кулкулдаттым. Закүскө жарашты... Көзүмө башкача наздуу, ашкере кылыктуу көрүнө баштадың. Колуңан имере тартып, астыма отургуздум. Жытың аңкып, чачтарың суу болуп, дене-бойду кайрадан дүркүрөттүң. Сени аркы бөлмөгө так көтөрө жөнөдүм. Кайрадан жыпжылаңач чечине салдык, кайбарым кайкалаган бойдон жан жериңе сүңгүп кетти. Дүңкүлдөтө баштадым. Роботтой эле каккылап, ары оодарып, бери томолотуп, айтор, аягында тизелетип алып, кудум ат чапкандай аёосуз кадай баштадым. Мурдуң менен төшөккө сайылып кетип, кайра оңдонуп, кээде катуу онтоп ийесиң, жалбарып, чымыркана жыйрыла кетип, миң кубулдуң... Жакшы образды бердиң. Шейшептин чети менен аарчынып, чалкабыздан жата кеттик.
-- Тиктирип бересиңби?.. - дедиң күтүүсүздөн.
-- Эмнени?
-- Билбей калат...
-- Аа, кыздыгыңдыбы?
-- Ооба, кыздыгымды тиктирип бересиңби?
-- Сен айткандай болот...
-- Айтып коюп эле жоксуң. Качан?
-- Эми ажыраш аяк кылганда тигебиз да... Жүрү андан көрө жууналы?
Экөөбүз душка кирип, чогуу чайындык. Кайрадан ашканага башбактык. Жанагы бөтөлкө турат, көзгө сүйкүм көрүнүп. Шылдырата куйдум да эй! Кулакка да жагымдуу угулат куюлганы. Экөөбүз бири-бирибизди жылмая карап, эттен жеп, чай иче баштадык. Бир маалда үйдүн коңгуроосу кагылды. Глазоктон акырын шыкааласам, бир татына кыз турат. Өнөктөшүм дароо эле ачты. Көрсө курбусу экен. Ал экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. “Муну да жайлаш керек...” дедим ичимен шыбыранып...
Кыян САРЫ
Булак: "АЗИЯnews"