www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-премьер-министр, Жантөрө Сатыбалдиев, “Эмнеге бизди сотко кылмышкерлердей кылып, колубузга кишен салып алып келесиңер? деп, 10 - июлда өткөн Бишкектин Свердлов райондук сотунда ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактылары боюнча кылмыш ишинин сот процессиндеги жүрүшүндө айткан.

“Соттун имаратын милиция менен курчап коюпсуңар, бизди болсо бул жакка  кылмышкерлердей, кол кишен менен байлап алып келесиңер. Биз али кылмышкер деп атала элекпиз да, күнөөсүздүктүн презумпциясы кайда?

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча эч ким мыйзам бузган эмес. Сотто кытай тарап жок. Эми бизге кишен эле салып койгула. Анан мен суроо да, жооп да бербейм. Мага скотч бергиле, мен оозумду да желимдеп алайын. Бийлик гуманизация тууралу айтпай эле койсун”, – дейт Жантөрө Сатыбалдиев.

“Соттолуп жаткандарды сотко жеткирүүнүн баарына бирдей жалпы эрежеси бар, сот аны өзгөртө албайт”, – деп жооп берди судья Инара Гилязетдинова.

Азыркы учурда бул кылмыш ишинин алкагында УКМКнын абагында экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, экс-министр Осмонбек Артыкбаев, тармактык жетекчилер Салайдин Авазов, Айбек Калиевдер  олтурушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости