www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдавиянын жаңы шайланган президенти Майя Санду Ион Кику жетектеген аткаруу бийлигинин отставкага кетүүсүн талап кылды. Президенттин мындай чечимге келишине Молдавия өкмөтүнүн коронавирус пандемиясына каршы турууда жана экономикалык кризисти жөнгө салууда алгылыктуу иш-аракеттерди жасабаганы себеп болгон. Бул тууралуу «Рамблер» сайты жазды.

«Кризистен чыгуу — медицина тармагынын каржыланышына көз каранды. Мен бул багытты калыпка салуу үчүн тыштан жардам тартуу иштерин баштадым. Бул өкмөттүн иши болушу керек эле. Тилекке каршы, өкмөт өлкө ичиндеги өз милдетин татыктуу аткара алган жок. Эгер мындан ары да жөнгө сала албаса, анда отставкага кетсин», — деди Санду «Молдова-1» телеканалына берген маегинде.

Мындан тышкары, Молдавия өкмөтүнүн пандемия менен күрөшүү, ооруканаларды даярдоо, керектүү жабдуулар менен камсыздоо иштерине өлкө жарандары терс баа берип жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, аталган өлкө оору жугузгандардын саны боюнча Европада 19-орунда, ал эми пандемиядан каза табуулардын саны боюнча 13-орунда турат.

Эске салсак, өткөн жумада Молдавия премьер-министри Ион Кику коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны кескин өскөнүн, эгер кырдаал дале ушундай улана берсе, жакында өлкө ооруканаларында орун калбай калышы мүмкүн экенин эскерткен. Ошол эле учурда өкмөт катаал чара көрүүгө батынбай турганын, андыктан ар бир жаран өз саламаттыгына өзү кам көрүүсү керектигин кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости