www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы маршруттук кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушкандан кийин, жол кирени 15 сомго көтөрүү туура экенин билдирген. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жол кирени көтөрүү сунушу Экономика министрлигине жиберилерин кабарлаган. 

Ал эми Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров "NazarNews" маалымат агенттигине азырынча шаардык кеңешке мэрия тараптан тарифтер боюнча сунуштар түшө электигин билдирди. 

--"Бул маселени Бишкек шаардык кеңеши кароого ар дайым даяр, ал үчүн Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бул маселе боюнча тийиштүү токтом долбоору биздин карообузга келип түшүшү керек. Бүгүнкү күндө мэрия тараптан тарифтер боюнча сунуштар түшө элек", - дейт Абиров. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости